Украина Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинен (КМШ) чыгуу процессин баштайт. Муну ММКларга өлкөнүн Улуттук коопсуздук жана коргоо кеңешинин катчысы Андрей Парубий билдирди. "Улуттук коопсуздук жана коргоо кеңеши КМШга төрагалык кылууну токтотуу гана эмес, КМШдан чыгуу процессин баштоо боюнча чечим кабыл алды",- дейт Парубий.
Айта кетсек, 19-мартта Украина КМШдан чыгуу чечимине келген. Мунун себебин Украина шериктештикке мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы конфликтти жөнгө салуу боюнча КМШ өз функциясын аткарбай жатат деп түшүндүргөн.