Бишкек шаарындагы 39 мектептен 2500 окуучу быйыл жайкы лагерде эс алат. Муну 26-майда Бишкек мэриясында өткөн аппараттык жыйында Шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Сауле Мейрманова билдирди. Жыйында шаарга муниципалдык оорукана куруу маселеси да көтөрүлдү.
Капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Канчоро Ажекбаров аталган маселе боюнча тендер өткөнүн, куруучу компания аныкталганын билдирди. Учурда "Бишкек башкы архитектура" мекемеси курулуш долбоорунун акыркы вариантын күтүп жатканы айтылды.