Кыргыз балбандары Чымкентте өтүп жаткан эл аралык мелдешке катышууда
Учурда Казакстандын Чымкент шаарында генерал Сабир Рахимовдун жаркын элесине арналган эркин күрөш боюнча мелдеш өтүп жатат. Ага Казакстан, Өзбекстан, Тажистан жана Каракалпак Автономиялуу Республикасынын өкүлдөрү менен катар ата мекендик балбандар да катышууда. 17-ирет уюштурулуп жаткан мелдеш жалпысынан 300 балбанды чогултканы маалым болду.