Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Баатырбеков 2013-жылы жалпы 1 миллион 333 459 сом киреше тапса, анын 833 459 сомун маяна катары алган. 500 миң сомун бизнестен тапкан. Маалымат депутаттын жылдык кирешеси жана мүлкү тууралуу тапшырган декларациясынан алынды. Баатырбеков 0,10 гектар жер тилкесине, аары чарбасына ээлик кылат.
Депутаттын жакындары 45,7 чарчы метрлик батирдин ээси. Алардын жылдык кирешеси документте көрсөтүлгөн жок.