10-январда Бишкек шаарындагы соода түйүндөрүнүн биринде Ташчайнар каймана аты менен элге таанылган балбан Нурлан Алишеров 200 аттын күчү бар мотоциклди алдыга жылдырбай 15 секунд тиши менен тартып турду. Ошондой эле балбан 80 килограммдык штанганы, 40 килограммдык гиряны жана 12 килограмм салмагындагы барсканды кезек-кезеги менен тишинде көтөрдү.
Нурлан мырза мындай аракеттерин 20-январда Украинада өтө турган "Даңк мүнөтү" (“Минута славы”) долбооруна даярдык экенин айтты.