Алайда Ахматбек Келдибековдун Ош - Эркеч-Там унаа жолун тосуп турган тарапташтары Жогорку Кеңештин депутаттарынын келүүсүн талап кылышууда. Бул тууралуу бүгүн, 28-майда ИИМдин Ош облусу жана Ош шаары боюнча башкармалыгынын басма сөз кызматынын өкүлү Жеңиш Ашырбаев билдирди.
Айтымында, депутатты колдоп чыккандар 28-майга караган түнү дагы бир боз үйдү Ош - Эркеч-Там унаа жолунун ортосуна тигип алышкан. Ал эми учурда митингге чыккандарды милиция кызматкерлери көзөмөлгө алууда.
Эскерте кетсек, 27-майда Алай районунун Сопу-Коргон айылында абакта жаткан Ахматбек Келдибековдун тарапташтары анын бошотулушун талап кылып митингге чыгышкан.