Европа Коопсуздук Кызматташтык Уюмунун экономикалык-экологиялык форумунун кийинки жыйыны Бакуда өтөт
Европа Коопсуздук Кызматташтык Уюмунун экономикалык-экологиялык форумунун кийинки жыйыны 28-июнда Баку шаарында өтөт. Муну депутат Роза Акназарова 27-майда “Парламент” радиосундагы түз эфирде билдирди. "Алдыдагы экономикалык-экологиялык форумда тоо көйгөйлөрүнө көңүл бурулмакчы. Анда өндүрүштүн мөңгүлөргө тийгизген терс таасирлерин азайтуу, тоо туризмин өнүктүрүү өңдүү маселелерге талдоо жүргүзүлөт. Лыжа базаларынын кеңири туристтерди өзүнө тарта башташы да туристтердин Кыргызстанга болгон кызыгууларын арттырууда",- дейт Акназарова.