Депутаттар “мамлекеттик сырды ачып жиберди” деп Чек ара кызматынын жетекчисинин орун басарын сынга алышты

Жогорку Кеңештин 29-майдагы жыйынында депутаттар “мамлекеттик сырды ачып жиберди” деп Чек ара кызматынын жетекчисинин орун басары Искендер Мамбеталиевди катуу сынга алышты. Жыйында Мамбеталиев суроолорго жооп берип жатып чек арачылар жетишсиз экенин, чек ара сакчылары тажикстандык булактар менен иштешип, ал жактагы маалыматты кыргыз тарапка ыкчам жеткирип турарын айткан эле. Депутат Райкан Төлөгөнов чек ара жетекчисинин орун басарынын бул сөзүн сынга алып чыкты.

“Сиз эмне деп сүйлөгөнүңүздү өзүңүз билбей жатасыз. “Чек арачылар жок, күчүбүз аз” деп мамлекеттин ымандай сырын ачып жатасыз. Муну кимге айтып жатасыз, депутаттаргабы, чек арачыларгабы же артта отурган журналисттергеби? Эртең бул нерсе чагымчыл аракеттерди жаратышы мүмкүн. Анан да “биздин чек ара сакчылары Тажикстандагы булактар менен иштешип, баарын жеткирип турат” дедиңиз. Муну менен тажикстандык булакты сатып жатасыз. Туура эмес сүйлөгөн сөзүңүздү оңдоп, кайрадан маалымат берип коюңуз”,- деди Төлөгөнов.

Депутаттын сөзүн төрага Асылбек Жээнбеков да колдоого алып, Кыргызстандын өзүн-өзү коргоого күчү жете турганын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан