Абхазияда оппозициялык күчтөр өлкөдө Убактылуу элдик кеңеш түзгөнүн жарыялады

29-майда Абхазиянын оппозициясы Убактылуу элдик кеңеш түзгөнүн жарыя кылды. Анын курамына өлкөнүн белгилүү саясатчылары жана коомдук ишмерлери кирди. 

Чет элдик ММКларга таянсак, кеңештин мүчөлөрүн миңдеген эл Ак үйдүн алдында кол чаап тосуп алып, “Орусия жана Абхазия бирге” деп чакырык салышкан. Оппозиция лидерлери ушул апта ичинде убактылуу өкмөт түзүүнү пландоодо. 

Эскерте кетсек, оппозициянын 10 миңден ашуун тарапташы "президент Александр Анкваб жана өкмөт өлкөнү банкроттукка алып келди" деп алардын отставкага кетишин талап кылып Ак үйдү басып алышкан.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан