Бакыт Төрөбаев: "Чек ара маселеси боюнча саясий кадам жасоого мезгил келди"

Кыргыз парламентинин профилдик комитети “Чек ара ыйгарым укуктуулары жөнүндө” мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыгууга жөнөтүү ниетине 29-майда Жогорку Кеңештин “Өнүгүү” депутаттык тобунун лидери Бакыт Төрөбаев каршы чыкты.

Мыйзам долбоорунун демилгечисинин айтымында, документ Коргоо жана коопсуздук боюнча комитети жана Жогорку Кеңеш тарабынан биринчи окуудан өткөн.

“Концепция колдоого ээ болгон. Реестрде 41 ыйгарым укуктуу чек арачы көрсөтүлгөн, алар тиешелүү эмгек акысын алып жатышат. Ыйгарым укуктуу чек арачылар Мамлекеттик чек ара кызматынын буйругу менен иштеп жатышат, а биз аны мыйзам түрүндө бекитүү үчүн мыйзам долбоорун иштеп чыктык. Башка мыйзамдарга толуктоо жана түзөтүүлөрдү киргизиш керек экендигине макулмун. Чек арадагы абал жөнөкөй эмес. Биз, парламент, өз тарабыбыздан саясий кадам жасап, чек арачыларга мыйзам долбоору менен жардам беришибиз керек. Ыйгарым укуктуу чек арачыларга курал беришибиз керек, 100 пайыз камсыздоо болбосо да, жок дегенде чек ара аймагында жашаган ыйгарым укуктуу чек арачылар менен келишимдерге кол коюшубуз зарыл”,- деп билдирди Бакыт Төрөбаев.

Депутат 2014-жылдын башындагы кыргыз-кытай чек арасындагы каргашалуу окуяны чогулгандардын эсине салды. Ал кезде мергенчи Александр Барыкин мамлекеттик чек араны бузуп кирип келген он чакты адамга каршылык көрсөтүп, каармандык менен курман болгон.

“Ал чынында өлкөбүздү дээрлик сактап калды. Мергенчинин куралы болгону үчүн ал эрдик көрсөттү. Мындай мыйзам долбоору керек эмес дегендер менен мен макул эмесмин. Анткени мамлекеттик чек арада абал оңой эмес. Экинчи окуу режимине өтүүнү сунуштайм”,- деп корутундулады өз сөзүн “Өнүгүү” депутаттык тобунун лидери Бакыт Төрөбаев. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан