"Ахматбек Келдибеков бутунан ажырап калса кантип жашайт жана буга ким жооп берет?" Бул сөздү "Ата Журт" фракциясынын 30-майдагы жыйынында бир катар депутаттар айтышты. Надира Нарматова ооруканада жаткан Келдибековдун бутунан шишик тарабай жатканын билдирсе, башка депутаттар кесиптешинин чет өлкөдөн дарыланышына шарт түзүп берүү керектигин белгилешти.