Бүгүн, 30-майда мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев "Көзөмөлчүлүк кеңеши жөнүндө" мыйзамга кол койду.
Жогорку Кеңеш тарабынан 2014-жылдын 24-апрелинде кабыл алынган бул мыйзам жарандарга социалдык кызмат көрсөткөн мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин Көзөмөлчүлүк кеңешин түзүүнүн жана анын ишинин максаттарын, принциптерин, укуктук жана уюштуруучулук негиздерин белгилейт.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. 3 жылдан кечиктирилбестен социалдык чөйрөдөгү мекемелерде Көзөмөлчүлүк кеңештери түзүлүүгө тийиш.