Бүгүн, 30-май күнү КРнын Жогорку Кеңешинин “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана ЖКнын вице-спикери Асия Сасыкбаева, Адам укугу, конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүм боюнча комитеттин төрайымы Наталья Никитенко КРнын Президентинин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын магистранттары менен жолугушту. Бул тууралуу “Ата Мекен” социалисттик партиясынын жаштар канатынан билдиришти.
Жолугушууда алгач Өмүрбек Текебаев сөз сүйлөп, анда учурдагы сотторду тандоо, сот реформасы боюнча жаштар менен пикир алышты. Өз сөзүндө Өмүрбек Текебаев бүгүнкү күндө калыс сотторду тандоо абдан кыйын жана опурталдуу иш экенин айтып, мындай татаал системди кайрадан иштеп чыгуу көп мээнетти талап кыларын белгиледи. Ошондой эле жаштарды өздөрүнүн жарандык позициясын бийик көргөзүүгө, жигердүү болууга чакырды жана таза коомду калыптандырууда жаштардын ролу чоң экенин белгиледи. Андан ары сөздү ЖКнын вице-спикери Асия Сасыкбаева менен Адам укугу, конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүм боюнча комитеттин төрайымы Наталья Никитенко улап, магистранттардын суроолоруна жооп беришти. Магистранттар жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын кызматкерлери болгондуктан, коомдогу болуп жаткан маселелерди, анын ичинде чек ара маселесин, Бажы биримдигин, мамлекеттик ишмерлер менен саясий кызматта отургандардын жоопкерчиликтери жана шайлоо системи боюнча суроо сурашты.