Президент Алмазбек Атамбаев парламент жакында кабыл алган “Мөңгүлөр жөнүндө” мыйзамга кол койбой, кайрадан Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөттү. Мыйзамга каршы пикир билдирүүгө өкмөттүн жана бир катар өкмөттүк жана бейөкмөт мекеме-уюмдардын бүтүмү негиз болгону, ал бүтүмдө сунушталган мыйзамга кол коюуга тоскоол болгон олуттуу жүйөлөр келтирилгени айтылды. Президенттик аппарат бул боюнча төмөнкүлөрдү билдирет:
"Мыйзамды кайтарып берүүнүн негизги себеби - Жогорку Кеңеш “КРнын Өкмөтү жөнүндө” конституциялык мыйзамды бузгандыгы. Тактап айтканда, мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабыла турган чыгымдарды көбөйтүү же анын киреше бөлүгүн кыскартуу каралган мыйзамдардын долбоорлоруна расмий корутунду бериш үчүн өкмөткө алдын ала кайрылуу жөнөтүлгөн эмес. Мыйзамдын күчүнө кириши менен бюджетке келип түшчү каражаттардын кемиген бөлүгүн каржылоонун булагы тууралуу өкмөттүн расмий корутундусу талап кылынышы керек эле.
Бул мыйзам бюджеттин каражаттары кемишине алып келери шексиз, себеби сунушталган мыйзамда мөңгүлөрдө, кар күрткүлөрүндө жана көп жылдык тоң таралган зонада пайдалуу кен чыккан жерлерди ачык ыкма менен иштетүүгө тыюу салынат. Демек, мыйзамга ылайык, азыр иштеп жаткан кен казуучу ишканалар жер алдында иштөөгө өтүүгө тийиш. Ал үчүн казып чыгаруу ыкмасын кайрадан өзгөртүү максатында жумуштарын токтотууга милдеттүү болот. Мындай жагдай кен иштетүүчү ишканалардын кирешесин азайтып, чыгашаларын көбөйтөт, демек, алар салыкты төлөбөй турууга мажбур болушат. Ошентип, мамлекет милдеттүү төлөмдөрдөн жана салыктардан пландаштырылган киреше албай калат.
Мындан тышкары каршы пикирде сунушталган мыйзам жогорудагы тыюу салууну киргизүү менен “Жер казынасы жөнүндө” КРнын мыйзамынын пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүүнү чектөө менен байланышкан маселелер өкмөттүн компетенциясына кирет деген талабына каршы келери белгиленет. “Жер казынасы жөнүндө” мыйзамын өзгөртпөй туруп “Мөңгүлөр жөнүндө” мыйзамды кабыл алуу менен мыйзам чыгаруучулар өкмөттүн ыйгарым укуктарына негизсиз кийлигишип кеткен.
Президент кыргызстандыктардын өлкөнүн аймагындагы мөңгүлөрдү коргоо боюнча аракеттерин колдоого алат, бирок ал жакшы ишти Конституциянын жана мыйзамдардын талаптарын, мыйзамдардын адилеттик жана бири- бирине карама-каршы келбес принцибин эске алуу менен ишке ашыруу керек деп эсептейт. Ушул максатта президент “Мөңгүлөр жөнүндө” мыйзамды макулдашылган вариантты иштеп чыгуу үчүн кайра кайтарып берди".