5-7-январь күндөрү Казакстанда өткөн таэквондо боюнча ачык мелдеште Кыргызстандан барган спортчулар ийгиликке жетишишти. Мекендештерибиз Донцова Дильшана, Сердюков Валерий жана Тогойбаев Темирлан 1-орунду, Кадырбеков Кыдыр жана Тургунбай уулу Бектемир 2-орунду, ал эми Абдырасулов Акжигит 3-орунду ээлешти. Бул тууралуу бүгүн, 14-январда Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Кошумчалай кетсек, мелдешке Кыргызстандын атынан таэквондо боюнча машыктыруучу Сергей Фаустов менен бирге 13 спортчу катышты.