Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Жумабеков 2013-жылы негизги иш ордунан 824 904 сом маяна алды. Тапшырган декларациясына таянсак, депутатка таандык 59,5 чарчы метр аянтты ээлеген бир батир бар. Автоунаасы тууралуу айтылган эмес. Жумабеков жакындарынын жылдык кирешеси жана үй-мүлкү тууралуу маалымат берген жок.