30-майда биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев К.Скрябин атындагы Улуттук агрардык университетинин окутуучулары жана студенттери менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Сарпашевдин айтымында, иш-чаранын максаты - өлкөнүн айыл чарбасынын өнүгүп жаткандыгы боюнча талкуу жүргүзүү, өкмөт менен аталган жогорку окуу жайдын ортосунда пландарды жана милдеттерди түзүү. “Жакынкы келечекте дыйкандардын кызматы Кыргызстанда гана эмес, жалпы дүйнөдө эң керектүү кызматтардын бири болот. Ошондуктан өлкөбүздө заманбап технологияларды пайдаланып, мыкты кадрларды окутушубуз зарыл. Жакын арада Агрардык университет республиканын эң абройлуу жогорку окуу жайларынын бири боло алат”,- деди өкмөт мүчөсү.
Мындан тышкары айыл чарба тармагына Кытайдан 25 миллион доллар насыя алынарын баса белгиледи ал.