Салык органдарынын 11 кызматкерине катуу сөгүш берилди

Мамлекеттик салык кызматында 2014-жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгы боюнча мекеменин бир катар кызматкери дисциплинардык жаза алышты. Муну бүгүн, 2-июнда аталган мекемеден билдиришти.

Ишиндеги кемчиликтери үчүн 11 бөлүм жетекчиси катуу сөгүш алса, 37 кызматкерге сөгүш жарыяланды. Ал эми 31 кызматкерге эскертүү берилгени айтылды. Мамлекеттик салык кызматынын жетекчилиги салык чогултууда планды аткарбаганы үчүн жетекчилерди кызматтан бошотуу чаралары көрүлөрүн эскертти. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан