Алайдагы митингчилер Сопу-Коргон айылындагы көпүрөнү жардыра турганын айтышууда

Бүгүн, 2-июнда Алайдагы митингчилер Сопу-Коргон айылындагы көпүрөнү жардыра турганын айтышууда. Бул тууралуу митингге катышып жаткан Керим Пайзуллаев билдирди.

Айтымында, Жогорку Кеңештин депутаты Курманбек Осмонов эл менен жолугушууга келгенде тургундар ушундай пикирин айтышкан.

Курманбек Осмонов үнүбүздү бийликке жеткирүүгө убада берди”,- дейт Пайзуллаев.

Эскерте кетсек, 27-майдан бери Ош - Эркеч-Там унаа жолун тосуп турган тургундар бүгүн бийликке болгон талабын өзгөртүштү. Алар буга чейин Ахматбек Келдибековду үй камагына чыгаруу талабын коюп келишсе, эми аны биротоло абактан чыгарууну талап кылышууда. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан