Кыргыз Республикасынын Президенти
Алмазбек Атамбаевдин жарлыгына ылайык,
Замир Сүйөркулов мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, коргоо министринин биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Замир Сүйөркулов 1962-жылы 7-июнда Чүй облусуна караштуу Кара-Балта шаарында туулган. Үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы. Полковник, "Күжүрмөн кызмат өтөгөндүгү үчүн" 1-даражадагы медалы менен сыйланган. Буга чейин КРнын Коргоо министринин орун басары болуп иштеп келген.