Кыргыз-казак бажычылары “Ак жол” өткөрүү пунктунда биргеликте көзөмөлдүк кылуу боюнча сүйлөшүштү

Кыргызстан менен Казакстандын бажы кызматкерлери “Ак жол” өткөрүү пунктунда 1-октябрга чейин биргелешип иштөөнү талкуулашты. Бул тууралуу бүгүн, 3-июнда КРнын Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Кыргызстандын Бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Мукай Кадыркулов “Ак жол” өткөрүү пунктунда Казакстандын Бажы көзөмөлдөө комитетинин төрагасынын орун басары Аманияз Ержанов менен жолугушту. Анда кыргыз-казак чек арасындагы өткөрүү пунктунда автоунааларды жана товарларды бажылык декларациялоо, бажылык көзөмөлдөөнү ишке ашыруу тартибин бекитүү жөнүндө протоколду ишке ашыруу боюнча маселе талкууланды.

Биргелешкен бажы көзөмөлү “Ак жол” өткөрүү пунктунда ушул жылдын 1-октябрына чейин уланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан