Кечээ, 3-июнда КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев Түркия Республикасына иш сапарынын алкагында Түркиянын президенти Абдулла Гүл менен жолугушту. Бул тууралуу КРнын Президентинин аппаратынын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирди.
Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы түрдүү тармактагы эки тараптуу кызматташуу жогорку деңгээлде экендиги белгиленди. Мамлекет башчылары кыргыз-түрк мамилелери жана анын келечеги тууралуу маселелерди кеңири талкуулашты.
Президент Алмазбек Атамбаев менен президент Абдулла Гүл мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшү, өлкөлөр ортосундагы кызматташууну, анын ичинде маданий-гуманитардык жана соода-экономикалык тармактардагы кызматташууну активдештирүү боюнча мындан аркы кадамдарды талкуулашты.
Тактап айтканда, мамлекет башчылары экономикалык кызматташууну тереңдетүү зарылчылыгын баса белгилешти.
Алмазбек Атамбаев менен Абдулла Гүл эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун бардык деңгээлиндеги байланыштарды чыңдоонун маанисин белгилешти.
Мамлекет башчылары кыргыз-түрк эки тараптуу мамилелерди чыңдоодо алдыдагы боло турган Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы стратегиялык кызматташуунун Жогорку кеңешинин, ошондой эле Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин саммитинин маанисин белгилешти.