Президентти жана парламент депутаттарын шайлоо жөнүндө мыйзамга түзөтүү киргизүү боюнча мыйзам долбоору 1-окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү

Жогорку Кеңештин 4-июндагы жыйынында “КРнын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” конституциялык мыйзам долбоору 1-окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Талкууда бир катар депутаттар мыйзам долбоорунун концепциясын жактыруу менен 2-окууга чейин айтылган ой-пикирлерди эске алуунун үстүндө иштөөгө чакырышты.

Соңунда депутаттар тарабынан айтылган сунуш-пикирлерди эске алып, тармактык комитеттин корутундусу менен добуш берүүгө жолдонду.

Эске салсак, мыйзам долбоорунун демилгечилери – депутаттар Өмүрбек Текебаев, Чыныбай Турсунбеков, Феликс Кулов, Назарали Арипов, Мыктыбек Абдылдаев, Кожобек Рыспаев, Кубанычбек Туманов, Каныбек Иманалиев, Гүлнара Жамгырчиева, Эркингүл Иманкожоева, Майрамкүл Тиленчиева, Талантбек Узакбаев, Игорь Гусаров, Анарбек Калматов, Эсенгул Исаков, Замир Бекбоев, Карамат Орозова, Курманбек Өмүрбеков, Алмазбек Баатырбеков, Мурадыл Мадеминов, Чолпон Султанбекова, Татьяна Левина, Токтогул Туманов, Каныбек Осмоналиев, Шаршенбек Абдыкеримов, Жыргалбек Саматов, Марат Султанов, Заирбек Жоошбеков, Турсунтай Салимов, Бактыбек Калмаматов, Эркин Сакебаев, Нургазы Айдаров, Галина Скрипкина.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан