Түркиянын борбору Анкара шаарында 4-июнда кыргыздын улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун бюст-айкелинин ачылышы болду.
Президенттин аппараты билдиргендей, ачылыш салтанатына Түркияда иш сапары менен жүргөн өлкө башчы Алмазбек Атамбаев катышты.
Айкел Айтматов атындагы көчөгө тургузулду. Ага катышкан Алмазбек Атамбаев: “Чыңгыз Айтматов - бүткүл түрк элинин чыгаан инсаны. Анын адабий мурасы жалпы түрк элдеринин энчисине айланды”,- деди.
Эстеликти тургузуу Кыргызстандын Түркия мамлекетиндеги элчилиги тарабынан демилгеленип, Анкара шаарынын мэриясынын каржылык колдоосу менен тургузулганы айтылды.