4-июнда депутат Эристина Кочкарова тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КРнын конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорунун концепциясы каралып, 1-окууда добуш берүүгө жиберилди.
Маалыматка ылайык, мыйзам долбоору саясий партиянын жетекчи органына талапкерлердин тизмесиндеги кезектүүлүккө өзгөртүүлөрдү киргизүүгө бир жолку укук берүүгө багытталган.
Мындай сунушун демилгечи депутат азыркы тапта шайлоочулардын кызыкчылыгы менен байланыштырды. Талкууда бир катар депутаттар талапкерлердин тизмесинин кезегин өзгөртүү ченеми менен партиянын ичиндеги коррупциялык көрүнүштөргө жол ачыларын айтып чыгышты. Саясий партиялар талапкерлердин сапаттуу тизмесин түзүүгө жоопкерчиликтүү мамиле кылуусу зарыл экени белгиленди.
Мыйзам долбоору 1-окууда добуш берүүгө жиберилди.