4-июнда абакта жаткан депутат Ахматбек Келдибеков кыргыз элине жана Алайда жол тосуп турган туугандарына кайрылуу жолдоду.
Кайрылуунун тексти төмөндө:
“Урматтуу кыргыз элим!
Урматтуу алп кара куш алайлыктарым!
Бүгүн күндүн ысык-суугуна карабай, күндөлүк үй-турмушуңуздарга карабай мени колдоп чыркырап чындык издеп, айла кеткенде жолду тосуп, биздин сөзүбүз эл шайлаган бийликке жетсин деп чыкканыңыздарга башымды ийип таазим кылам.
2010-жылы Ош коогалаңы болгондо кыргыз элинин чындык үчүн, кыргыз мамлекети үчүн, кыргыз эли үчүн көкүрөгүн окко тосуп курман болууга кайыл экенин өз көзүм менен көрүп, көкүрөгүн окко тоскондор менен чогуу болуп, кыргыз элинин миңдеген жылдык тарыхы бекеринен дүйнө жүзүндөгү архивдерде, тарыхый басмаларда жүздөгөн, миңдеген жылдар бою сакталып, айтылып келгенине сыймыктанып, Алла Тааланын мени кыргыз кылып жаратканына сыймыктанган жүрөгүмдө күчтүү сезим болгон.
2010-жылдагы Ош, Жалал-Абад окуяларында жүздөгөн кыргыздын эр-азаматы көкүрөгүн окко тосуп, кыргыз мамлекетинин бүтүндүгүн, кыргыз элинин бекемдигин сактап калышкан. Ошол учурда түндүк-түштүк, күн чыгыш-күн батыш дебей жалпы Кыргызстандын аймагынан келишип, "биз Кыргыз атанын, Манас атанын урпактарыбыз!" деп ураан чакырып, кыргыз мамлекетин сактап калышкан. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, ошол окко учкан кыргыздын эр-азаматтарына дагы бир жолу таазим кылам.
Алар биз үчүн кыргыз мамлекетин, кыргыз элин, кыргыз жерин сакташ үчүн үлгү да, дух да, күч да болушат.
Урматтуу алайлык туугандарым!
“Ак ийилет, бирок сынбайт” деген сөз бар, мени жамандагандардын жүзүн убакыт өткөн сайын ордуна коюп келе жатат.
Учурда Башкы прокуратура мага койгон айыптарынын бирин дагы далилдей албай, акырында ММКлар аркылуу ар кандай жалган маалыматтарды таратуу ыкмасына өттү. 6 айдан ашык убакыттан бери КТРК, ЭлТР, 5-канал, ошондой эле бийликтин акырынан жем жеген, бийликке кызмат кылган гезиттер аркылуу тынбай жамандап, мага карата ар кандай чындыкка коошпогон калп маалыматтарды жазып да, айтып да бүтүшө элек.
Менин бул жакта жатканыма жарым жылдан ашса да, прокурор дагы, тергөөчүлөр дагы келип “сиз мобу жерде мындай, тиги жерде тигиндей күнөө кылгансыз” деп менин күнөөмдү ачык көрсөтүп, бетиме коё алышпай, тескерисинче, бир дагы сурак кылбастан, сыртымдан тон бычканга өтүштү. Мен бул тууралуу гезиттерге берген интервьюмда дагы айттым.
Урматтуу элим, мен мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, дагы бир жолу 2010-жылдагы коогалаңда курман болгон эр-азаматтарыбызга башымды ийип таазим кылам. Мен дагы 2010-жылы сиздер менен бирге чогуу кыргыз элине кызмат кылып, элдин биримдигин, бүтүндүгүн сактоого салым кошуп, кыйын кырдаалда араңыздарда болгонум үчүн чын дилимден сыймыктанам. Алай эли тарыхка так салып, атын алтын тамга менен жазып келген эле. Мен сиздердин кайратмандыгыңыздарды, баатырдыгыңыздарды, эрктүүлүгүңүздөрдү терең урматтайм жана сыймык тутам.
Ошондой эле азыркы учурда мамлекеттеги укук коргоо органдарынын жана бийликтин жасаган адилетсиздигине чыдабай, чындыкты талап кылып жол тосуп жатканыңыздарды түшүнүү менен кабыл алам. Учурда КТРК баш болгон мамлекеттин акырынан жем жеп, бийликке кулдук уруп кошомат кылган ММКлар Алайдагы жол тосууну бир беткей чагылдырып, ар кандай намыска тие турган сөздөрдү айтып, капысынан чарчап калган наристенин өлүмү менен ошол жердеги элди жаманатты кылып бийликтин саясат жасоо аракети текке кеткенин көрдүңүздөр. Даанышман элибиз айтат, “шибегени капка ката албайсың” деп. Анын сыңарындай, КТРК тарабынан бир беткей, бурмаланган маалыматтардын чындыгы ачылып жатат.
Ошол эле учурда байыртан ата-бабабыздан келе жаткан даанышмандыкты, сабырдуулукту эске алып, кан жолду ачып коюуңуздарды суранам. Ал жол карапайым калактын күнүмдүк жашоо-турмушуна өбөлгө түзөрүн, жашоо шарты менен тыгыз байланыш экенин эске алат деп ишенем”.