Алмазбек Атамбаев: “Ар бирибиз туулган жерибизге аяр мамиле жасоого милдеттүүбүз”

Президент Алмазбек Атамбаев кыргызстандыктарды Жаратылышты коргоо күнү менен куттуктады. Куттуктоодо булар айтылат:

Кымбаттуу мекендештер!

Кыргызстан – бейиштин төрүндөй, ажайып жаратылышы бар өлкө. Аскаларыбыз асман тиреп, өрөөндөрүбүз берекесин төгүп турат. Кылымдарды карыткан токойлор жана миң жылдык мөңгүлөр керилет. Туптунук көлдөрүбүз жана шаркырап аккан сууларыбыз бар. Борбордук Азиядагы ири дарыялар Кыргызстандан башат алып, далай өлкөлөргө жана элдерге береке жана молчулук алып келет.

Ар бирибиз туулган жерибизге аяр мамиле жасоого милдеттүүбүз. Биргелешип ажайып кооз жаратылышыбызды сактап калууга тийишпиз. Жаратылышка жасаган мамилебиз коомубуздун жетилгендигин, келечек муун алдында жоопкерчилигибизди көрсөтөт.

Жаратылышты коргоо күнү ак эмгеги, талыкпаган аракети үчүн тармактын бардык кызматкерлерине терең ыраазычылык билдирем.

Бардыгыңыздарга чың ден соолук, бакыт-таалай жана бакубат турмуш каалайм!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан