Жогорку Кеңештин 5-июндагы жыйынында төрага Асылбек Жээнбеков депутат Равшан Жээнбековдун дарегине ачуу сындарды айтты. Төрага депутат Равшан Жээнбеков мурунку бийликтин тушунда иштеп турган учурда мамлекеттик ири ишканалар сатылып, талкаланганын белгиледи.
"Мен таң калам, бизге ким акыл үйрөтүп жатат? Ким мамлекетти башкарам, өкмөт башчы болом деп бизди сындап жатат? Азыр мамлекеттин байлыгын эч ким саткан жок. Убагында силер саткансыңар, документтер бар. Пансионат, бала бакча, мектептерди саткансыз. Көчөдө туруп алып “парламент таратылсын” деп кыйкырып жатасыңар. Уят деген болуш керек. "Парламент кетсин" деген адам өзү депутат болуп отурбай, Жогорку Кеңештен кетип калышы керек",- деди төрага.