“Алайда жолдун тосулушу мыйзамсыз болсо, бийлик эмне үчүн жол тоскондорго чара көрбөй жатат?”- дейт парламенттин 5-июндагы жыйынында депутат Бөдөш Мамырова. Айтымында, жол тоскондордун алдына бийлик өкүлдөрү барбай жатат.
“Бийлик өкүлдөрү аларга басып барбай жатат. Район акимин жиберип коёт, ал ошол жердин кулуну. Жол тоскондорго барып, алардын талабын жогору жакка жиберип койгондон башка айласы жок. Жолдун тосулушу мыйзамсыз болсо, ушунчадан бери бийлик эмне үчүн чара көрбөйт?”- деди Мамырова.