Тышкы жардамсыз өлкөнүн экономикасы өнүгө албайт. Мындай пикирди парламент депутаты Роза Акназарова айтканын 5-июнда ЖКнын маалымат кызматы билдирди. Мамлекеттик карыздын кескин өсүп жатышына тынчсызданганын айткан депутат Кыргызстандын тышкы карызынын эң жогорку чегин белгилөө демилгеси көтөрүлүп жатканын белгиледи. Тийиштүү мыйзам долбоору жакында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынганы айтылды.
"Ырас, тышкы жардамсыз өлкөнүн экономикасы өнүгө албайт. Эл аралык тажрыйбада деле ушундай. Бирок насыя алган өлкөнүн төлөм мүмкүнчүлүгү жогору болушу шарт. Эгер карыздын көлөмү коркунучтуу чекке жетсе, анда ички мүмкүнчүлүктөргө таянуудан башка арга жок. Ошондуктан насыя алардан мурда өз жагдайыбызды кылдат таразалап көрүү керек",- дейт Акназарова.