Бажы биримдигине кирүү менен Кыргызстан агрардык тармакта утушка ээ болот. Муну парламенттин 5-июндагы жыйынында экономика министри Темир Сариев билдирди. Министрдин айтымында, экономиканын бардык тармактары боюнча анализ жүргүзүлдү. Жыйында депутат Жоомарт Сапарбаев: "Кыргызстандын "Дордой" базарына Казакстандан эмне үчүн келишчү? Анткени баалар арзан. Бажы биримдигине кирсек, баалар теңелип, бизге кандай утуш болмок эле?"- деп кайрылды.
Темир Сариев: "Биримдикке кирсек кайсы тармак утушка ээ болуп, кайсы тармак кыйынчылыкка кабыларын айттык. Агрардык тармак утат, дыйкандар өздөрү өндүргөн продукцияны биримдикке мүчө өлкөлөргө экспорттошот. Бизде калктын 60 пайызы айыл жеринде жашайт",- деди.