1. КРнын Коргоо министрлиги жакын арада аскер кызматкерлерин үй менен камсыз кылуу маселесин чечет. Бул тууралуу аталган министрликтин жыйынында белгилүү болду. Жыйындын жүрүшүндө 2012-жылдын жыйынтыгы чыгарылып, министрликтин өткөн жылдагы ишмердүүлүгү канааттандырарлык деп табылды. Ошондой эле жыйында аскерге чейинки даярдыктын сапатын жогорулатуу керектиги да айтылды. Коргоо министри Таалайбек Өмүралиев Орусиядан жаңы аскердик-техникалык жардам келери күтүлүп жатканын кошумчалады. “Негизги актуалдуу жана оор маселе - аскер кызматкерлерин үй менен камсыз кылуу. Бул көйгөй өмүр бою чечилбей калчудай туюлчу, бирок жакын арада чечилет”,- деди министр.