2014-жылдын январь-март айларында өлкөгө келген түз инвестициянын көлөмү былтыркы жылдагы көрсөткүчкө салыштырмалуу 8,4 пайызга азайды. Муну Улуттук статистика комитетинен 9-июнда билдиришти. Былтыркы жылдын биринчи кварталында келген сырткы инвестициянын 89 пайызы кен чалгындоо, кайра иштетүү жана камсыздандыруу тармагына жумшалганы айтылды.
Маалыматка таянсак, 2014-жылдын биринчи кварталында КМШга мүчө эмес өлкөлөрдөн келген түз инвестициянын көлөмү 2013-жылга салыштырмалуу 12,1 пайызга азайды. Негизги инвестор Кытай, Улуу Британия жана Канада өлкөлөрү болду.
2014-жылдын биринчи кварталында КМШга мүчө өлкөлөрдөн келген түз инвестициянын көлөмү 2013-жылга салыштырмалуу 22,1 пайызга өстү. Казакстандан келген инвестициянын көлөмү 29,1 пайызга, Орусиядан келген инвестиция 5,5 пайызга өскөнү айтылды.