Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитети "Кумтөр" боюнча парламент токтомдорунун аткарылышы боюнча өкмөттүн маалыматын эске алуу чечимине келди. Мындай чечим комитеттин 9-июндагы жыйынында кабыл алынды. Маселени эми ЖКнын Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу комитети карап, андан кийин жалпы жыйынга чыгарылат.