Ош шаарына эки айдан бери газдын берилбей жатканына байланыштуу жаш лидерлер Ошто да “Тезекпром” акциясын өткөрүшөт. Иш-чара 10-июндан кийин өтөт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына активисттердин бири Дайыр Орунбеков билдирди.
Айтымында, Ош шаарында жалаң жаш лидерлер чогулуп, уйдун тезегин өрттөшөт.
Айта кетсек, жаш лидерлер тобу бүгүн, 9-июнда Бишкекте аталган акцияны уюштурмак. Бирок аларды милиция кызматкерлери кармап кетишти. Учурда лидерлер Биринчи Май райондук башкармалыгында сурак беришүүдө.