"Кыргызстанда коррупция менен күрөшүү старт алгандан бери мамлекеттик мекемелердин жетекчилерине 66 кылмыш иши козголду”,- деп билдирди бүгүн, 9-июнда коррупция темасы боюнча өтүп жаткан эл аралык конференцияда башкы прокурор Аида Салянова.
“Мамлекеттик кызматкерлердин арасында парламент депутаттарына 12, министрликтердин жетекчилерине 5, облус башчыларына 3, мэрлерге 3, акимдерге 11, сот өкүлдөрүнө 32, прокуратура кызматкерлерине 19 кылмыш иш козголду”,- деди башкы прокурор.
Анын айтымында, Кыргызстанда мамлекеттик мекемелердин жетекчилери кымбат унааларды айдап, мыйзамдарды жана укуктарды бузуп, жаш муунга терс тарбия берип жатышат.