Бишкекте бүгүн, 9-июнда “Тезекпром” акциясын уюштурган жаш лидерлер Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгында убактылуу кармалууда.
Акциянын катышуучуларынын бири Мавлян Аскарбеков “Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгы кылмыш ишин ачууга аракеттенүүдө” деп билдирди SUPER.KG порталына.
Айтымында, акция уюштуруучуларына протокол толтурулду.
“Биз азыр милиция бөлүмүндө отурабыз. Акция уюштурганыбызга байланыштуу протокол толтурушту. Эми атайын кылмыш ишин ача турганын айтышууда. Азыр эч кандай жактоочуларыбыз жок”,- деди Аскарбеков.
Айта кетсек, жаш лидерлер тобу бүгүн, 9-июнда Бишкекте аталган акцияны уюштурмак. Бирок аларды милиция өкүлдөрү кармап кетишкен.