Бильярдчылар Сагынбаев менен Есиддинов Кремлдин Кубогунда чейрек финалга чыгышты

Москвада Кремлдин Кубогунда кыргыздын намысын талашып жаткан бильярдчылар Каныбек Сагынбаев менен Камолиддин Есиддинов 1/8 финалдан ийгиликтүү өтүштү. Сагынбаев атаандашы Л.Швыряевди 5:1 эсебинде жеңсе, Есиддинов орусиялык Э.Галиянцты 5:3 эсебинде утуп чыкты. Ушул тапта Сагынбаев жарым финалдын жолдомосу үчүн армениялык А.Габриелян менен беттешин баштады. Ал эми Есиддиновго чейрек финалда украиналык Д.Белозеров каршы турмакчы. Мелдештин жүрүшү тууралуу дагы кабардар кылып турмакчыбыз.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан