"Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөштө айрым бир натыйжаларга жетише алдык",- деп билдирди 9-июнда Бишкекте коррупция темасы боюнча өткөн конференцияда парламент төрагасы Асылбек Жээнбеков. Айтымында, өлкөдө көмүскө каржы агымдары азайып, өлкө бюджети өсүүдө. Натыйжалуу иш жүргүзгөн коррупцияга каршы орган түзүлгөнү белгиленди. "Кыргызстандын жаңы тарыхында биринчи жолу ири коррупционерлер, министрлер, саясатчылар, судьялар, прокурорлор кылмыш жазасына тартылышты. Кабыл алынып жаткан башкаруу чечимдери коом үчүн ачык-айкын жана жетимдүү боло баштады. Коомчулук, айрыкча, мамлекеттик органдардын башкаруучулары кол жетпес адамдар жоктугун, сөзсүз жазалана турганын түшүндү",- дейт төрага.
Жыйын эртең, 10-июнда уланат.