"Күч-аракеттерибиз коррупциянын түпкү себептерин жоюуга багытталышы керектигин өз тажрыйбабыздан көрүп, ага толук ишендик",- деп билдирди бүгүн, 9-июнда коррупция темасы боюнча Бишкекте өткөн конференцияда Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков. Айтымында, бул үчүн бийликтин алдында сот, укук коргоо, фискалдык, жөнгө салуу органдарын реформалоо иштери турат.
Реформаларды мурдагыдай, декларативдүү жүргүзбөө керектигин айткан төрага: "Реформаларга акча бөлүнгөн, бүгүнкү күндө биз жыйынтык жок деп айта алабыз. Өлкөдө коррупцияны түп-тамырынан бери жоюу аракеттеринде өзгөрүүлөр болушу керек. Өкмөттөн чечкиндүү антикоррупциялык реформаларды күтөбүз",- деди.