Борбор калаада 11-июнь күнү Жайыл районунун “Русский мир” коомдук бирикмеси Украинадагы кырдаалга КРнын Өкмөтүнүн көңүлүн бурдуруу максатында тынчтык митингин өткөрүүнү пландоодо. Бул тууралуу бүгүн, 9-июнда уюштуруучулар билдиришти.
Маалыматка ылайык, КРнын Украина элчилигинин имаратынын жанындагы тынчтык митингинин жүрүшүндө коомдук бирикменин өкүлдөрү өкмөттү украиналык күчтөрдүн жазалоочу операцияларын айыптоо, орус тилдүү калкка жардам көрсөтүүгө жана колдоого чакырууну ниеттенүүдө.
Ошондой эле “Русский мир” коомдук бирикмеси президенттен бул маселе боюнча Орусиянын позициясын колдоого расмий түрдө өтүнүчүн жөнөтөт.