Баткендеги чек ара жаңжалынан улам район борбору менен байланышсыз калган Бөжөй айылына ӨКМ тик учак менен азык-түлүк жеткирет

"Баткен облусунун Сох анквланын айланасындагы айылдарга өзгөчө кырдаалдар жарыяланган жок. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде иштеген кызматкерлердин бир күндүк эмгек акысына алынган азык-түлүк, дары-дармекти бүгүн, 15-январда Бөжөй айылына тик учак менен жетикирип берет. Сох анклавынын айланасындагы эки айылда абал оор, бирок өзгөчө кырдаал жарыяланган жок. Азык-түлүктү жеткирүү үчүн тик учак бөлүнгөн”,- деди Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов. ӨКМ билдиргендей, учурда чек аралардын жабылышынан район борбору менен байланышсыз калган бул айылга айланып өтүүчү жол курулуп жатат, азырынча азык-түлүк тик учак менен гана жеткирилип турмакчы. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан