Бишкек мэриясынын кызматкерлеринин мектепте кенже класстын окуучуларына берилүүчү тамак-аш боюнча коррупциялык иштерге катыштыгы бар экени айтылды

Бишкектеги мектептердин башталгыч класстарына берилүүчү тамак-аш боюнча коррупциялык иштерге вице-мэрлер Айгүл Усубакунова, Мурат Исмаилов, Социалдык тамак-аш департаментинин жетекчиси Рыскулбек Осмоналиев жана шаардык кеңештин депутаты Валентина Лисниченконун тиешеси бар. Бул тууралуу бүгүн, 15-январда Президенттин алдындагы билим берүү боюнча эксперттик кеңештин мүчөсү Анара Дауталиева  маалымат-жыйын учурунда билдирди. Анын айтымында, бул кеңешке көптөгөн мектептердеги ашкана ээлери Социалдык тамак-аш департаментинин зомбулугунан куткаруу боюнча арыз менен кайрылышкан. “Коррупциялык түзүлүш жаңы гана башталган. Мектеп ашканаларын ижарага алуучулар менен келишим түзүүдө Социалдык тамак-аш департаменти 100 доллар же 3 миң сом талап кылышат. Андан кийин гана тамак-аш жеткирилет. Бөлүнгөн 14 сомдук тамак-аштын окуучуларга 8-9 сомдугу гана бериле турганын айтат Дауталиева. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан