Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитети бош орундар жарманкесине чакырат

Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитети Эмгек, миграция жана жаштар башкармалыгы менен биргеликте 20-июнда "Алымбек датка" этнографиялык эс алуу борборунда «Жаштарды жумуш менен камсыз кылуу» аталыштагы бош жумуш орундарынын жарманкесин уюштурат. Бул тууралуу бүгүн, 10-июнда жаштар комитетинен билдиришти.

Анда жумуш издөөчүлөр үчүн Ош жана Бишкек шаарларындагы, Орусия, Корея жана Дубайдагы бош жумуш орундары сунушталат.

Ошондой эле жогорку жана атайын орто кесиптик окуу жайлардын маалыматтык бурчу уюштурулуп, бүтүрүүчүлөр үчүн «Мыкты кесип» аттуу көргөзмө өткөрүлөт. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан