Кыргызстандын Ички иштер министрлиги Ош шаарынын жана түштүк аймагы боюнча Уюшкан кылыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын башчысы, полвокник Толкунбек Шоноевдин өлүмүнө байланыштуу ишенимдүү, так маалымат билдирген кишиге 1 миллион сом акчалай сыйлык убада кылды. ИИМ кандайдыр маалыматты 03222 2-79-55 же 0707 33-49-99 ишеним номерлерине билдирүүнү суранат, анонимдүүлүккө кепилдик берилет. Кылмыштын бетин ачуу үчүн ведомстволор аралык оперативдүү тергөө тобу иштеп жатат.