Айыл чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиев 10-июнда тамак-аш жана кайра иштетүү ишканаларынын өкүлдөрү менен жыйын өткөрдү. Анда өлкөдөгү тамак-аш жана кайра иштетүү тармагын өнүктүрүү, Кыргызстандын Бажы биримдигине киргенден кийинки келечеги, жеңилдетилген насыяларды берүү маселелери талкууланды. Муну 11-июнда аталган министрликтен кабарлашты.
Тегерек столго банк кызматкерлери, Чүй облусундагы сүт өндүрүүчүлөр, спирт ичимдиктерин, туз, балык, кондитердик азыктарды экспорт жана импорттоочулар катышып, көйгөйлөрү талкууланыптыр.