Ош, Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясы боюнча Жогорку Кеңештин токтомун аткарууда тоскоолдуктар болуп жатканы айтылды

"Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев Жогорку Кеңештин 11-июндагы жыйынында Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү мамлекеттик дирекция боюнча Жогорку Кеңештин токтомунун аткарылышын бүгүн кароону сунуштады. Мындай сунушту башка депутаттар да айтышты. 

"Эсептөө палатасы Жогорку Кеңештин аталган дирекция боюнча чыгарган токтомун аткарууга мүмкүн болбой жатканын айтууда. Демек, бул жерде саясий коррупция жатат. Дирекциянын өкүлдөрү сүйлөшүүгө келбей жатыптыр. Архивдеги материалдарды да текшерүүгө мүмкүнчүлүк жок экени айтылууда. Ошондуктан бул маселени жалпы жыйынга алып чыгышыбыз керек",- дешти депутаттар. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан