Кыргызстанда былтыр жарандардын адвокат кызматын акысыз пайдалануусу үчүн 6 миллион сом бөлүнүптүр

Кыргызстанда 2013-жылы жарандардын адвокат кызматын акысыз пайдалануусу үчүн бюджеттен 6 миллион сом бөлүнгөн. Маалымат бүгүн, 11-июнда парламент жыйынында айтылды. Өкмөт өкүлү былтыр өлкөдө канча жаран акысыз адвокаттык консультация алганы боюнча так маалымат айта алган жок.

Депутат Дамира Ниязалиева былтыр 6 миллион сомдун 4 миллиону гана пайдаланылганын билдирди. Кыргызстанда калктын 40 пайызы жакырчылыкта жашай турганын кошумчалады депутат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан