Талас. Облуста карышкыр жана чөөлөрдү атуу үчүн атайын түзүлгөн 43 топ иштейт

Талас облусунда 2012-жылы жана 2013-жылдын январь айынын алгачкы 10 күнүндө 17 карышкыр жана 163 чөө атылган. Бул тууралуу Республикалык аңчылык департаментинин Талас облусундагы филиалынын жетекчиси Кенжалы Арыкбаев билдирди. Маалыматка ылайык, жырткычтарга каршы күрөшүү үчүн мамлекеттен 373 миң сом бөлүнгөн. Былтыркы жылы уруксаты жок аңчылыкка чыккан жана экологияга зыян келтирген 70 жаран кармалып, аларга айып пулдар салынган. Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө облус боюнча 710 адам аңчылык коомуна мүчө. Аларга атайын аңчылык билеттери тапшырылып, карышкыр жана чөөлөрдү атуу боюнча 43 бригада түзүлгөн. Аймак боюнча аңчылык билеттерди тапшыруудан, аң уулоого уруксат берүүдөн, жаратылышка зыян келтирүүчүлөрдөн айып пулдарды алуудан жана башка кызмат көрсөтүүнүн түрлөрүнөн түшкөн каражат 716 308 сомду түзүп, бул тармактагы план 119 пайызга аткарылганын билдирет департамент өкүлү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан