Бүгүн, 11-июнда парламентте Кыргызстандын айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү тууралуу мыйзам долбоору каралууда. Жыйында депутат Ташполот Балтабаев “Өзбекстан мененТажикстандын өкмөтү өздөрүнүн жарандарына “кыргыздардын сатылат деген жерлерин сатып алгыла” деп ссудаларды берет экен. Алар келип чек ара аймактарына жайгашууда. Кийин талаш чыкса, маселе алардын пайдасына чечилет экен. Биз буга кайдыгер карап жатабыз”,- деди Балтабаев.
Мындай пикирди башка депутаттар да айтышты.